Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:17

Балбан Алибек Осмонов күмүш байге алды


Ислам шериктештиги оюндарынын эркин күрөш боюнча мелдештеринин байге ээлери (61 кг.). Алибек Осмонов солдон оңго карай биринчи. 20-май, 2017-ж. Баку шаары.
Ислам шериктештиги оюндарынын эркин күрөш боюнча мелдештеринин байге ээлери (61 кг.). Алибек Осмонов солдон оңго карай биринчи. 20-май, 2017-ж. Баку шаары.

Азербайжанда өтүп жаткан Ислам шериктештиги оюндарында кыргызстандык эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов күмүш байгенин ээси болду.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлкекеттик агенттигинин маалымат кызматы билдиргендей, 20-майда эркин күрөш боюнча таймаштарда кыргызстандык үч балбан күч сынашты. 61 килограммга чейинки салмакта күрөшкөн Алибек Осмонов алгач сауд арабиялык жана пакистандык атаандаштарын утту.

Финалда азербайжандык Хаджи Алиевге жеңилип (10:0), 2-орунду алды.
Дагы бир кыргызстандык эркин күрөшчү Руслан Садыбакасов (70 кг) бул күнү коло байге үчүн күч сынашууда түркиялык балбанга жеңилип калды.

Осмоновдун байгесин кошкондо Кыргызстандын эсебине үч алтын, төрт күмүш, жети коло медал чогулду. Жалпы 14 байге менен медал алган өлкөлөрдүн катарында Кыргызстан 11-катарда бара жатат.

Бүгүн 21-майда кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (58 кг), Айпери Медет кызы (75 кг), Азербайжандардын Зурхана күрөшүнөн Исхакбек Шопоков, Исабек Жалилов, Муса Абдуллаев, Руслан Садыбакасов, Бекболсун Кушубаков, Бактияр Карагул уулу жана Ушу боюнча жарым финалдык таймашка Туратбек Сулайманкул уулу (48) чыгат.

12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндары 22-майда аяктайт. Ага 54 мамлекеттен 3000ге жакын спортчу катышууда. Алар спорттун 23 түрүнөн 269 топтом медал үчүн таймашууда. Кыргызстандан спорттун 11 түрүнөн 68 спортчу күч сынашат. (ECh).

XS
SM
MD
LG