Улуттар уюмунун сайтына Кыргызстандагы "Элим барсыңбы?" коомдук кайрымдуулук фондунун "Мээримдүү тыйын" долбоору тууралуу жарыяланган. Анда аталган долбоордун жардамы менен коомчулуктан каражат жыйналып, жакыр үй-бүлөлөргө, оорукчан балдарга жардам берилери тууралуу жазылган. Бул долбоор башка жакыр өлкөлөргө үлгү болору айтылган.
"Мээримдүү тыйын" долбоору менен буга чейин төрт жолу акча чогултулуп, оорулуу балдардын операциясына жумшалган. Бул тууралуу "Элим барсыңбы?" коомдук-кайрымдуулук фондунун төрагасы Хабиб Арзыкулов "Азаттык" радиосуна билдирди:
-"Мээримдүү тыйын" долбоору менен төрт жолу акча чогултуп, он чакты баланын операциясына жумшадык. Көбүнчө тубаса жүрөк оорулуу балдарды чет өлкөлөргө алып барып, дарылатып келүүгө жумшалды.
"Мээримдүү тыйын" долбоорунун бешинчи кезектеги акциясы 21-майда Бишкекте болот. Иш-чара шаардын түштүк-чыгышындагы "Гранд-комфорт" соода борборунда өтөт.
"Мээримдүү тыйын" долбоорунун негизинде кичинекей ыктыярчылардын колунан жасалган кутучалар каалоочуларга берилет. Белгилүү бир мөөнөттөн кийин ал кутучулар ичиндеги тыйындары менен кошо атайын акцияда "Элим барсыңбы?" кайрымдуулук фондуна көпчүлүктүн көзүнчө тапшырылып, жалпы чогулган тыйын эсептелет. Каалоочулар кайра эле бош кутучаларды алып кетип, кийинки акцияга чейин ага кайрымдуулук тыйындарын чогултушат.(ZKo)