Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:48

Өзбекстанда улуттар аралык мамиле боюнча комитет түзүлдү


Өзбекстандагы министрлер кабинети. Ташкент шаары.
Өзбекстандагы министрлер кабинети. Ташкент шаары.

Өзбек өкмөтүнүн алдында улуттар аралык мамиле жана чет өлкөлөр менен достук байланыштар комитети түзүлдү. Жаңы мекеме президент Шавкат Мирзиеёвдин жардыгы менен түзүлүп, республикалык интернационалдык маданий борбордун жана ынтымак кеңешинин алкагында иш алып бармакчы. Бул тууралуу "Азаттыктын" өзбек кызматы жазды.

Комитетке улуттар аралык ынтымак жана коомдогу толеранттуулукту камсыздоо жаатында мамлекеттик саясатты ишке ашыруу милдети жүктөлдү. Бул өлкө ичиндеги улуттар арасындагы жана ошондой эле жалпы дүйнөлүк коомчулук менен достук мамилени бекемдөөчү аракеттер болууга тийиш.

Өзбекстанда 130 улуттун өкүлдөрү жашайт. Өлкөдө 138 улуттук маданий борбор жана 34 ынтымак коому иш алып барат.

XS
SM
MD
LG