Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:31

Окуу китептерин ижарага берүү маселеси талкууга коюлду


Билим берүү жана илим министрлиги 2017-18-жылдары мектептерде башталгыч класстардын окуу китептерин ижарага берүүнү сунуштоодо. Коомчулуктун талкуусуна бул тууралуу өкмөттүн токтом долбоору коюлду.

Азырынча бул токтом боюнча, Ош, Талас облусунун бардык мектептери, Ноокен, Кочкор, Кадамжай, Жайыл жана Ысык-Көл райондорундагы 397 мектеп киргизилген.

Долбоорго ылайык, бир китептин 2017-18-окуу жылына ижара акысы 25 сом болот. Китеп жоголуп кетсе ата-энелер аны төлөп берүүгө милдеттүү.

Билим берүү жана илим министрлиги башталгыч класстардын окуучуларынын ата-энелерине түшүндүрүү иштери жүргүзүлөрүн маалымдоодо. Ошондой эле келерки жылдын 5-июнуна чейин бул демилгенин жыйынтыгын жалпылап, бардык мектептерге киргизүү сунушун өкмөткө бермекчи.

Маалыматка ылайык, ижара акысынан чогулган каражаттар жаңы китептерди чыгарууга жана сатып алууга жумшалат. Долбоор боюнча министрлик окуу китептеринин ижара акысын жыл сайын өзгөртүп турууга да укуктуу.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда мектептер окуу китептери менен 79% гана камсыздалган. Ал эми иш жүзүндө окуучулар китеп менен болгону 30% гана жабдылганы айтылат.(ZKo)

"Азаттыктын" архиви: 8-сентябрь, 2017-жыл
Мектептердеги китеп көйгөйү
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:18 0:00

XS
SM
MD
LG