Ооганстандын вице-президенти, генерал Абдул Рашид Дустум өлкөдөн чыгып кетти. Дустумдун кеңешчиси Ясин Хамоштун "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдиришинче, ал Түркияга дарыланууга кеткен.
Кийинчерээк президенттин дагы бир шериги, анын партиясынан парламентте депутат болуп отурган Пхмад Таянж “Дустум жашырынган жок, ал дарылангандан кийин кайтып келет”, -деп билдирди. Аткаминердин саламаттыгы тууралуу эч кандай маалымат берилген жок.
Жаузжан провинциясынын экс-губернатору Ахмед Ишчи өткөн жылдын 25-ноябрында уурдалып, адегенде Достум өзү, андан кийин анын жан жөкөрлөрү ур-тепкиге алып, эркектик намысына шек келтирип, бир нече күн зомбулук көрсөтүшкөнүн айтып чыккан.
Ооган бийлиги 2016-жылы буга байланыштуу иликтөө жүргүзүп баштаган.
Бирок Дустум суракка алынган эмес.
2008-жылы ооган өзбектеринин лидери ушундай эле айыптоолордон соң, Түркияга качып кетип кайра келген.