Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:44

Маянасы кыскарган мугалимдер маселеси талкууланды


Семиз-Бел айылы. Мугалимдер пикетте. 20-март, 2017
Семиз-Бел айылы. Мугалимдер пикетте. 20-март, 2017

Нарында айлык маянасы кыскарган мугалимдер маселеси талкууланды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Кочкордун Семиз-Бел айылдык мектебинин математика мугалими Темирбек Эсеналиев билдирди.

Анын айтымында, мугалимдер жамааты менен өткөн бүгүнкү жолугушууга Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин, облус жетекчилигинин өкүлдөрү катышты. Анда мугалимдер айылдын деңиз деңгээлинен бийктигин өзгөчө кырдаалдар органынын жардамы менен өз алдынча ченеп чыкканын, айрым үйлөр 1800 метрден жогору жайгашканы аныкталганын айтып, бул боюнча түзүлгөн актты көрсөтүштү.

Бирок министрлик өкүлдөрү бул актты расмий документ катары кабыл ала албасын, картография иштерин жүргүзгөн атайын мекеменин корутундусу керек экенин айтышты. Ошону менен катар Семиз-Бел айылын мамлекеттен кошумча жардам алуучу аймактар категориясына кошуу боюнча токтомдун долбоору даярдалып жатканын белгилешти.

Бул боюнча аталган министрликтен комментарий алуу үчүн кайрылганыбызда, тиешелүү маалымат жакын арада жарыяланарын билдиришти.

Кыргызстандын мыйзамдары боюнча деңиз деңгээлинен 1800 метр бийиктикте жайгашкан айылда жашаган жана иштеген жарандарга айлыгына мамлекеттен кошумча акы төлөнөт. Бул акчаны Семиз-Бел айылдык мектебинин мугалимдери да алып келген.

Бирок 1790 метр бийктикте жайгашкан бул айылдын мугалимдеринин айлыгы мындай кошумча акы аларга "мыйзамсыз төлөнүп жатат, себеби тиешелүү критерийге 10 метр жетпейт" деген негизде 2016-жылдын ноябрында кыскарган. Маселен, 14 миң сом алып жүргөндөрдүн айлыгы 7900 сомго төмөндөгөн.

10 метр жетпесе да башка коңшу айылдардыкындай эле катаал шартта иштеп жатканын айткан 30дан ашуун мугалим эки ирет иш таштаган.(RK)

XS
SM
MD
LG