Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:04

Султангазиев: Медицина “пайдалуу бизнеске” айланды


Президент Алмазбек Атамбаев Онкология борборунда. 1-июнь, 2016-жыл
Президент Алмазбек Атамбаев Онкология борборунда. 1-июнь, 2016-жыл

Бүгүн Бишкекте Саламаттыкты сактоо тармагындагы кадр маселеси жана бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү жолдору талкууланып жатат. Министрликтин алдындагы Байкоочу кеңештин башчысы Айбар Султангазиев президенттикке ат салышуу Онкология борборунун башчылыгына баруудан жеңилирээк болорун айтты. Ал медицина мамлекеттен да, бейтаптан да акча алган эң “пайдалуу бизнес” болуп калды деп сындады. Ал эми ЖК депутаты Евгения Строкова балдар онкологиясында коррупция көрүнүштөрү бар экенин белгиледи.

Бүгүнкү жыйынга Жогорку Кеңештин депутаттары, жарандык коомдун өкүлдөрү, бейөкмөт уюмдар жана Саламаттыкты сактоо министрлигинин адистери катышууда.

Буга чейин Онкология борборунда орун, дарыгер жана дары-дармек жетишпей турганы айтылган.

Балдар бөлүмүндө жыйырма жылдан ашуун жалгыз дарыгер жана бөлүм башчы болуп иштеп келген профессор Дамира Байзакова рак илдетинен каза болгон балдардын ата-энелеринин арызы менен бөлүм башчылык кызматтан алынган.

Быйыл жыл башында өкмөттүн буйругу менен Улуттук онкология борбору жана Гематология борбору бириктирилген. Анын себеби каражаттын тартыштыгына байланыштуу, ошондой эле ишти натыйжалуу жүргүзүү үчүн реформа жасоо экени айтылган.(КЕ/NT)

XS
SM
MD
LG