Бишкекте Кыргызстан менен Бириккен Араб Эмирликтеринин (БАЭ) кызматташтыгы талкууланат. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна ТИМдин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева билдирди.
24-майда Кыргызстанга бир күндүк сапар менен эмирликтердин тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министри Шейх Абдалла бин Зайед ал-Нахайян келет. Сапар учурунда Бишкекте өлкө жетекчилиги менен сүйлөшүүлөр жана эки мамлекеттин ишкерлери катышкан бизнес-форум өтөт.
Дипломатиялык алака 1996-жылдын 10-августунда түзүлгөн. 1999-жылы Дубайда Кыргызстандын Башкы консулдугу ачылган. 2014-жылы президент Алмазбек Атамбаев Бириккен Эмирликтерде расмий сапарда болуп, ошол эле жылы Абу-Дабиде кыргыз элчилигин ачуу чечими кабыл алынган.
Тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев быйыл жыл башында Бириккен Эмирликтерде расмий сапарда болуп, эки тараптуу кызматташтыкты бекемдөө маселелери талкууланган. (RK)