Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Март, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:45

Президент этнос аралык мамилелердин абалын талкуулады


Этнос аралык мамилелерди заманбап демократиялык башкаруу системасынын натыйжалуу ишин камсыз кылуу өлкөнү өнүктүрүүдөгү приоритет. Бул тууралуу бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин ассамблеясынын төрагасы Токон Мамытовду кабыл алганда айтты.

Жолугушууда этностук жамааттардын маданий борборлорунун өз ара аракеттенүү маселелери жана өлкөнү байырлаган бардык этностук топтордун өкүлдөрүнүн укуктарын камсыздоо боюнча көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Токон Мамытов этнос аралык мамилелерди андан ары өркүндөтүү, өлкөнүн маданий мурасын жана этностук көп түрдүүлүгүн сактоо аркылуу улуттук биримдикти камсыз кылууга багытталган Эл биримдигин жана этнос аралык мамилелерди чыңдоо концепциясын ишке ашыруу тууралу президентке айтып берди.

Кыргызстанда 100гө жакын улуттун өкүлдөрү жашайт. 2010-жылы Ош жана Жалал-Абад облустарында тутанган улут аралык жаңжал 400дөн ашуун адамдын өмүрүн алган. (RK)

XS
SM
MD
LG