Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:17

Исламиада-2017: Туратбек Сулайманкул уулу күмүш медал алды


Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси Туратбек Сулайманкул уулу мелдеш алдында. 20-май, 2017-ж. Баку шаары.
Ислам шериктештиги оюндарынын күмүш байгесинин ээси Туратбек Сулайманкул уулу мелдеш алдында. 20-май, 2017-ж. Баку шаары.

Кыргызстандык спортчу Туратбек Сулайманкул уулу Азербайжандын борбору Баку шаарында бүгүн жыйынтыктала турган IV Ислам шериктештиги оюндарында күмүш медалдын ээси болду. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн адиси Нурпери Садырбекова билдирди. Кыргыз спортчулары ушуну менен бул оюндардагы мелдештерин жыйынтыктады.

Сулайманкул уулу бүгүн, 22-майда ушу саншоу боюнча 48 килограммга чейинки салмактагы таймаштардын финалында түркиялык Мехмет Демирчи менен беттеште 2:0 эсебинде жеңилип, экинчи орунду алды.

Сулайманкул уулу алтын байге үчүн таймашка чейин йемендик жана азербайжандык спортчуларды утуп алган эле.

12-майда башталган IV Ислам шериктештиги оюндарына 54 мамлекеттен 3000ге жакын спорчту катышты. 269 топтом медал спорттун 23 түрүнөн ойнотулду. Бул мелдешке Кыргызстандан 68 спортчу катышып, спорттун 11 түрүнөн өз күчүн сынап, жалпысынан төрт алтын, беш күмүш жана сегиз коло байгеге ээ болушту. 17 байге менен Кыргызстан азырынча медал алган өлкөлөрдүн катарында 10-орунда.

Алтын медалдарды дзюдочу Юрий Краковецкий (100 кг), грек-рим күрөшчүсү Каныбек Жолчубеков (59 кг), эркин күрөшчү Муслим Евлаев (74 кг) жана кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова (58 кг) тагынган.

Күмүш байгелерге грек-рим күрөшчүлөрү Жанат Кыйлыбаев (66 кг), Руслан Царев (71 кг) Үзүр Жусупбеков (98 кг) жана эркин күрөшчү Алибек Осмонов (61 кг), ушу саньшоу спортунан Туратбек Сулайманкул уулу (48 кг) ээ болду.

Коло медалдарды дзюдочулар Отар Бестаев (60 кг), Бектур Рысмамбетов (73 кг) Владимир Золоев (81 кг), сууда сүзүүчү Дарья Таланова (200 метр, брасс), грек-рим күрөшчү Кайрат Түгөлбаев (75 кг), жеңил атлетчи Дарья Маслова (5000 м), волейбол боюнча кыз-келиндердин улуттук курама командасы жана кыз-келиндердин эркин күрөшүнөн Айпери Медет кызы (75 кг) алды.

Бүгүн 22-майда Бишкек убактысы боюнча саат 23:00дө мелдештердин расмий жабылыш аземи болуп, спортчулар салтанаттуу жүрүшкө чыгат.

XS
SM
MD
LG