Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Октябрь, 2021 шаршемби, Бишкек убактысы 03:02

Исмаилованын Атамбаев боюнча сот арызынын чечими күчүндө калды


Азиза Абдирасулова, Төлөйкан Исмаилова

Жогорку Сот укук коргоочу Төлөйкан Исмаилованын президент Алмазбек Атамбаевге байланыштуу арызы боюнча буга чейин чыккан сот чечимдерин күчүндө калтырды. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна бүгүн "Бир дүйнө - Кыргызстан" укук коргоо уюмунун өкүлү Аида Байжуманова билдирди.

​Бир жыл мурда Энелер күнүндө мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев кыргызстандык аялдарды куттуктап жатып “Элдик парламент” оппозициялык уюмунун жыйынына катышкан Азиза Абдирасулова менен Төлөйкан Исмаилованы “чет элдик грантын актоо менен алектенген бейөкмөтчүлөр” деп атаган.

Алар мамлекет башчынын кечирим суроосун жана ар бирине 10 миллион сомдон компенсация төлөөсүн талап кылышкан болчу. Алгач Бишкектин Биринчи Май райондук соту, андан кийин шаардык сот бул тууралуу арызды канааттандыруудан баш тарткан.

Бүгүн Жогорку Сотто Төлөйкан Исмаилованын көзөмөл арызы каралды. (RK)

Пикирлерди көрүңүз (2)

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.

XS
SM
MD
LG