Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 08:38

Филиппиндердин президенти Орусияга беш күндүк сапарын баштайт


Филиппиндердин президенти Родриго Дутерте.
Филиппиндердин президенти Родриго Дутерте.

Филиппиндердин президенти Родриго Дутерте 22-майда Орусиянын лидери Владимир Путин менен жолугуп, эки тараптуу алаканы бекемдөө максатында Москвага беш күндүк сапарын баштайт. Филиппиндердин лидери муну менен тышкы саясатта Маниланын көп жылдардан берки союздашы АКШдан алыстап, Орусияга ыктаганын көрсөтүүнү көздөп жатканы айтылууда.

Филлиппиндердин тышкы иштер министиринин жардамчысы Мария Клеофе Нативидад эки мамлекеттин президенттери 25-майда жолугаарын билдирди.

Буга чейин Дутерте Путинди "өзүнүн сүйүктүү каарманы" деп атаган. Өлкө башчылыгына былтыр жайында келген Дутерте АКШ менен алака-катыштын тууралыгына буга чейин да бир нече ирет күмөн саноо билдирген эле.

XS
SM
MD
LG