Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Февраль, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:45

Будапештте миңдеген адамдар нааразылык акциясына чыгышты


Будапештте парламент имаратынын алдына чогулгандардын саны 10 миңге жетти.
Будапештте парламент имаратынын алдына чогулгандардын саны 10 миңге жетти.

Венгриянын баш калаасы Будапештте миңдеген кишилер бийликтеги "Фидес" партиясына каршы наарызылык акциясына чыгышты. Ар кандай эсептер боюнча төрт миңдей адам Венгрия менен Евробиримдиктин тууларын көтөрүп парламент имаратынын алдына барышты. Ал жакта топтолгондорун саны 10 миңге жетти.

Бийликтин Будапешттеги Борбордук Европа университетин жабуу чечимине каршы нааразылык акциялардын башталганына алты апта болду. Жакында Венгриянын Конституциялык соту бул окуу жайдын ишмердүүлүгүн токтотуу боюнча мыйзамды карайт.

Бул маселе Европа биримдигинин нааразылыгын пайда кылып, Еврокомиссия мыйзамды билим берүү эркиндигине чабуул катары баалаган. 26-апрелде Еврокомиссия мындай жобо рынок эркиндигине каршы келээрин жүйө келтирип, Будапештке ай башында жактырылган мыйзамды кайра карап чыгууга 30 күн мөөнөт берген.

Октябрь айында күчүнө кире турган мыйзамда бардык чет элдик жогорку окуу жайлар өз өлкөлөрүндө кампустарын ачууга тийиш деген талап коюлган. Ал эми Нью-Йорк штатында катталган Борбордук Европа университетинин ал жерде кампусу жок.

XS
SM
MD
LG