Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 15:57

AI түрк бийлигинин “тазалоолорун” айыптады


Эл аралык мунапыс уюму (Amnesty International) Түркиядагы былтыркы төңкөрүш аракетинен кийинки “тазалоолорду” айыптады. Уюм жаңы баяндамасында "түрк бийлиги коомдук тармактагы жумушчуларды өзүм билемдик менен кызматтан алып жатат” деп билдирди.

Баяндамага ылайык, Түркияда 2016-жылдын июль айынан бери АКШда бозгунда жүргөн түрк диниятчысы Фетхуллах Гүленге байланышы бар деген жүйө менен 100 миң жумушчу кызматтан алынган. Алардын 33 миңи мугалим, 24 миңи полиция кызматкери, төрт миңи сот. Эл аралык мунапыс уюму кызматтан алуулардын баары өзгөчө кырдаал режими маалында ишке ашканын сынга алды.

Жекшембиде Түркиянын бийликтеги “Адилеттүүлүк жана өнүгүү” (АК) партиясы Анкарадагы жыйында президент Эрдоганды кайрадан өз төрагалыгына дайындады. Эрдоган партия лидерлигинен расмий үч жыл мурда, президенттикке шайлангандан кийин кеткен. Конституцияны өзгөртүү боюнча быйыл 16-апрелде өткөн референдум президенттин бийлик укуктарын кеңейтүү менен катар ал саясий партиянын мүчөсү болуусуна да жол ачты.

Президент Режеп Тайып Эрдогандын өткөн жылдагы бийликти төңкөрүү аракетин Гүлендин тарапкерлери уюштурду деп ишенет. Гүлен бийликтин бул айыптоолорун четке кагып келет.

XS
SM
MD
LG