Түндүк Корея кезектеги орто аралыктагы баллистикалык ракетасын ийгиликтүү сынаганын билдирди. Өлкөнүн мамлекеттик жаңылыктар агенттиги лидер Ким Чен Ын сыноого өзү байкоо салганын 22-майда кабарлады.
Алардын маалыматында бул сыноо өзөктүк куралга керектүү жабдыктарды текшерүүнүн акыркы стадиясы катары мүнөздөлдү. Ошондой эле “Пукгуксон-2” ракетасынын кыймылдаткычы да сыналганы, эми бул ракета аскердик максатта колдонууга жарамдуу экени белгиленди.
АКШ, Түштүк Корея жана Жапониянын Бириккен Улуттар Уюмундагы өкүлдөрү Түндүк Кореянын соңку ракета сыноосун айыпташып, маселени 23-майдагы чукул жыйында талкууламай болушту. Түндүк Корея БУУнун резолюциясына карабастан жыл башынан бери бир нече ракетасын учурду. Мындай жагдай Вашингтон менен Пхеньяндын мамилесинин чыңалышына алып келди.