Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:14

Электр акысын төлөбөгөн 2,5 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөт


23-майда Бишкек шаарында убагында электр энергиясы үчүн акы төлөбөгөн турмуш-тиричилик абоненттеринин жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз катчысы Гуля Мураталиева билдирди. Карыздын жалпы суммасы 47 млн сомду түзөт. Бишкек боюнча эң көп карызы бар Ленин району.

- Электр энергиясы дистанциялык түрдө жүрөт. Анткени "акылдуу эсептегич" болгондуктан барууга кажет жок. Ай сайын эле ушундай иштер жүрөт. Карыз болгондордун арасында соттошуп жаткандар да бар.

Буга чейин электр энергиясын пайдалануучулардын айрымдары жаңы "акылдуу" эсептегичтерден күмөн санап чыгышкан. Алар жаңы аппарат койдурган соң жарыктын эсеби дароо эки эсе көбөйгөнүн айтышкан. (КЕ)

XS
SM
MD
LG