Ирандын тышкы иштер министри Мухаммад Жавад Зариф АКШ президенти Дональд Трамп менен Сауд Арабияны курал-жабдык жана инвестиция тууралуу макулдашуусу үчүн сынга алып, араб мамлекеттеринин саясаты АКШдагы 2001-жылдын 11-сентябрындагы чабуулдарга алып келген деген жоромолун айтты.
Зарифтин мындай билдирүүсү АКШ президенти Эр-рияда сүйлөп жатып, Тегеранды согушкерлердин негизги шыктандыруучусу деп атаган соң чыкты. Ирандын тышкы иштер министри өзүнүн Твиттердеги баракчасына "Иран шайлоодон кийин эле @Potus (Трамптын Твиттердеги лакап аты) тарабынан чабуулга кабылды. Бул тышкы саясатпы же жөн эле Сауд Арабия падышачылыгынан 480 миллиард долларды сыгып алуубу?" деп жазды.
19-майда өткөн шайлоодо Ирандын учурдагы президент Хасан Роухани 57% добуш алып, экинчи мөөнөткө шайланды. Анын атаандашы, мурдагы баш прокурор Эбрахим Раиси 38% ашуун добушка ээ болду.