Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 15:06

Назарбаев Тиллерсон менен жолукту


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.
Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев жана АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон.

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев АКШнын мамлекеттик катчысы Рекс Тиллерсон менен жолугуп, эки өлкө ортосундагы тыгыз кызматташуунун келечегине үмүттөнөрүн билдирди.

Назарбаев Тиллерсон менен Ислам мамлекеттеринин саммитинин алкагында сүйлөштү. Сауд Арабиянын баш калаасы Эр-Риядда 21-майда өткөн бул жыйынга АКШнын президенти Дональд Трамп да катышты.

Назарбаевдин администрациясынан билдиришкендей, Назарбаев жолугушууда Казакстан менен Кошмо Штаттардын ортосундагы кызматташуу бардык тармактар боюнча жаңы сапаттуу тепкичке чыгарына ишенерин айтты. Тиллерсон менен Назарбаев ошондой эле эл аралык актуалдуу маселелер боюнча да пикир алмашышты.

Казакстан Орусия менен тыгыз байланышта болгону менен Батыш мамлекеттери жана коңшусу Кытай менен да жакшы алакаларды түзүүгө аракет кылып келет.

XS
SM
MD
LG