Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:25

Макрон менен Путин 29-майда жолугушат


Франциянын президенти Эммануэл Макрон.
Франциянын президенти Эммануэл Макрон.

Орусиянын президенти Владимир Путин менен Франциянын лидери Эммануэл Макрон 29-майда жолугушат. Бул тууралуу француз бийлигине шилтеме жасап батыш басылмалары кабарлашты.

"Франц-пресс" медиа агенттиги ысымын атабаган аткаминердин сөздөрүнө таянып, Макрон менен Путиндин жолугушуусу Париждин четиндеги Версал сарайында өтөөрүн жазды.

Ал эми Рейтерс агенттигинин билдиришинче, Орусиянын президенти Версалда өтө турган эки өлкө ортосундагы дипломатиялык мамиленин 300 жылдыгына арналган көргөзмөнүн ачылышына катышат.

Макрон 7-майда өткөн президенттик шайлоонун экинчи айлампасында атаандашы, ашынган оңчул жана Путинге ымала санаган Марин Ле Пенди утуп чыккан.

Шайлоо өнөктүгүнүн маалында Макрон регионалдык жаңжалдарды жөнгө салуу үчүн Орусия президенти Владимир Путин менен иштешүүгө аракеттенерин, бирок Франция менен Орусия “орток баалуулуктар менен приоритеттерди” бөлүшөрүнө ишенбесин билдирген.

XS
SM
MD
LG