Ирандын кайра шайланган президенти Хасан Роухани АКШ президенти Доналд Трамптын катышуусунда өткөн Араб-Ислам-АКШ саммиттин сынга алды. Ал Саудияда өткөн жыйынды "мааниси жок шоу" деп атады.
Роухани 22-майдагы маалымат жыйында ирандыктар дүйнө менен сабырдуу мамиледе болууну каалайт деп билдирди.
Трамп 21-майда Эр-Риядда ондогон мусулман өлкөлөрүнүн лидерлерине кайрылып "Ислам мамлекети" террордук уюмуна каршы күрөшүүгө жана Иранды изоляциялоого чакырган.
Роуханинин мындай билдирүүсү Трамптын бүгүн Израилде сүйлөгөндө Иранды "террорчуларды жана куралдуу кошуундарды" колдоону токтотууга чакырган сөздөрүнө туш келди.
Роухани Жакынкы Чыгыштагы туруктуулук Ирандын жардамысыз мүмкүн эместигин кошумчалап, АКШны аймакты "билбегендиги" үчүн айыптады.
- Ирансыз аймактагы туруктуулук калыбына келет деп ким айта алат? - деди Роухани.
Роухани 19-майда өткөн президенттик шайлоодо жеңгенден кийинки биринчи маалымат жыйынын өткөрдү. Шайлоодо Роухани 57% добуш алып, экинчи мөөнөткө шайланды. Анын атаандашы, мурдагы баш прокурор Эбрахим Раиси 38% ашуун добушка ээ болду.