Ооганстандын Ички иштер министрлиги билдиргендей, өлкө түндүгүндө жасалган аба соккудан "Талибан" кыймылынын сегиз өкүлү, алардын ичинде кыймылдын жергиликтүү бөлүмүнүн башчысы да өлтүрүлдү.
22-майда тараткан билдирүүсүндө министрлик 21-майда жасалган аба соккулардан Кундуз провинциясындагы талиптердин көмүскөдөгү башчысы Дост Мохаммед жок кылынганын маалымдады.
Төрт талип жарадар болгону маалым болду. Кундуздун Кала-и-Зай аймагын эки апта мурда өз карамагына алышкан талиптер бул окуя боюнча эч комментарий берише элек. Ал эми Ооган армиясы районду өз көзөмөлүнө кайтарып алышканын билдирди.
Кундуз провинциясы учурда өкмөттүк күчтөрдүн колунда болгону менен анын айланасындагы райондордун бардыгы "Талибандын" карамагында.
Соңку 18 ай ичинде талиптер провинция борборун эки жолу кыска убакытка басып алууга жетишишкен.