Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Май, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:28

Туруктуу Элдик Кеңеш Улуттук курултайга чогулат


Иш-чара бүгүн Бишкектеги Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Күн тартибинде: Курултай институтун Конституцияга киргизүү маселеси, жаңы паспортто "улуту" графасын калтыруу жана өлкөдөгү социалдык кризис маселеси каралат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна аталган кеңештин мүчөсү Равшан Жээнбеков маалымдады:

- Биз көтөрүп жаткан демилге боюнча Курултай институту бийликти көзөмөлдөгөн негизги демократиялык маанилүү институттардын бири катары Баш мыйзамга киргизилүүгө тийиш. Курултай институту тууралуу өзгөчө мыйзам кабыл алууну талап кылабыз.

Өткөн айда Бишкекте өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген.

"Элдик курултай" жыйыны буга чейин 17-майда бардык облустарда өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG