Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын буйругуна ылайык, мунун негизги максаты - «акыркы коңгуроо» салтанаты учурунда кандайдыр бир укук бузуулардын, кырсыктардын алдын алуу болуп саналат.
Бул күндѳрү шаардагы бардык мектептерге милиция кызматкерлери бөлүнүп, алар күчѳтүлгѳн тартипте кызмат өтөйт, шаардын ар бир кичи районуна Ош ШИИБнын жетекчилик курамынан жооптуу кызматкерлер дайындалат. Шаардагы эс алуучу, коомдук тамактануучу жана шаардан сырткары эс алуучу жайларды кѳзѳмѳлгѳ алуу үчүн мобилдик топтор түзүлѳт.
Бардык мектептерде милиция, мугалимдер, ата-энелер жана окуучулардын катышуусунда жыйындар ѳткѳрүлүп, аларга «акыркы коңгуроо» салтанатын мыйзам чегинде ѳткѳрүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлѳт. Коомдук тартипти бузган окуучулар, жол эрежелерин бузган айдоочулар мыйзам чегинде жазасын алат.
Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз катчысы Замир Сыдыков «Азаттык» үналгысына билдирди.
Өкмөт "акыркы коңгуроо" салтанаты үчүн мыйзамсыз акча чогултууга тыюу салып, акча чогултуу фактылары катталган мектеп директорлору жоопко тартылары айтылган.
Ошондой эле "акыркы коңгуроо" майрамын оюн-зоок жайларда, кафе- ресторандарда жана жаратылышта өткөрүүгө, бул үчүн акча чогултууга тыюу салуу боюнча буйрукка билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева кол койгон.
"Акыркы коңгуроодогу" коопсуздукту камсыз кылуу үчүн жалпы өлкө боюнча 4 миңдей милиция тартылат.(ZKo)