Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

Улуттук курултайга чакырылган бийлик өкүлдөрү келген жок


Курултайдын катышуучулары
Курултайдын катышуучулары

Бүгүн Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда Туруктуу Элдик Кеңештин Улуттук курултайы ишин баштады. Уюштуруу тобунун башчысы, коомдук ишмер Азимбек Бекназаровдун белгилешинче, курултайга чакырылган бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары келген жок.

- Президенттен баштап, саясий, коомдук уюмдар, маданият ишмерлери, маалымат каражаттары толук чакырылган. Жогорку Кеңештин депутаттарын, мэриядан да чакырганбыз. Мага жеткен маалыматка караганда, эч ким келген жок. Аларга орун койдук эле, келбегендиктен башкаларды отургузуп койдук. Бул жыйын эмес, митинг эмес. Жергиликтүү курултайда шайланган делегаттар келди.

Күн тартибинде: Курултай институтун Конституцияга киргизүү маселеси, жаңы паспортто "улуту" графасын калтыруу жана өлкөдөгү социалдык кризис маселеси каралат. Курултайга экс-министр Роза Отунбаева, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимова, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов жана башкалар катышууда.

Өткөн айда Бишкекте өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген.

"Элдик курултай" жыйыны буга чейин 17-майда бардык облустарда өткөн.(КЕ)

XS
SM
MD
LG