Жалал-Абад облусундагы Чаткал дарыясы кирип, Айгыржал-Каныш-Кыя жолундагы көпүрө жараксыз болуп калды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, учурда андан унаалар өтө тургандай мүмкүнчүлүк жок.
Айгыржал-Каныш-Кыя айылына баруу үчүн эки чакырым ылдый жагында унаа өтүүчү айланма көпүрө бар. Чаткал дарыясынын деңгээли жогору болгондуктан калыбына келтирүү жумуштарын аткарууга кооптуу болууда.
Жалал-Абад облусундагы кооптуу кырдаал жаралган бир катар дарыялар өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Бороновдун жеке көзөмөлүнө алынган. Буга чейин Авлетим, Падыша-Ата, Чанач-Сай жана Терек-Сай дарыяларында 12-майдан тарта суу көбөйгөн. Натыйжада турак жайларга, көпүрөлөргө кооптуу кырдаал жаралган.
Андан тышкары Ош облусунун Чоң-Алай районундагы Кызыл-Суу дарыясында суу көбөйүп, жээктерди жууй баштады. Алты-жети үй коркунучка кептелген. (КE)