Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:03

Манчестердеги жардыруунун курмандыктары өсүүдө


Жарылуу болгон жер
Жарылуу болгон жер

Британиянын Манчестер шаарындагы бийлик теракт деп жаткан жардыруудан мерт кеткендер 22 кишиге жетти. Алардын айрымдары балдар экени айтылууда. Андан тышкары 59 адам жарадар. Бул тууралуу жергиликтүү полиция билдирди.

Күбөлөрдүн айткандарына караганда, жарылуу 22-майда 21.35те (Бишкек убактысы боюнча 02.35) болгон. Эл ал маалда "Манчестер Аренадагы" америкалык ырчы Ариана Гранденин концертинен тарап жаткан.

- Ушу тапта биз өткөн түнкү чабуулду бир адам ишке ашырган деп эсептейбиз. Кол салган адам ошол жерде өлгөнүн бышыктай алам. Биздин оюбузча ал колго жасалган жарылма затты жардырган, деди Манчестердин башкы констебли Ян Хопкинс.

Полиция өкүлү жанкечти бул ишке жалгыз барганбы же уюшкан ишпи тактап жатышканын кошумчалады.

Кандуу окуядан кийин британ саясий партиялары 8-июнда өтүүчү парламенттик шайлоого карата үгүт өнөктүктөрүн токтото турууну чечишти.

Британ премьер-министри Тереза Мэй мурдараак жарылуу теракт катары мүнөздөлүп жатканын айткан эле.

XS
SM
MD
LG