Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Каракол шаардык кеңешиндеги коалициялык көпчүлүк тарады


Бүгүн Каракол шаардык кеңеши кезексиз сессияга чогулуп, КСДП фракциясы коалициялык көпчүлүктөн чыга турганын билдирди. Бул тууралуу “Азаттыкка” коалициялык көпчүлүктүн курамында болгон “Табылга” фракциясынын өкүлү, депутат Азамат Айтбаев билдирди.

- Биз КСДП менен “Табылга” шайлоодон кийин бириккенбиз. Азыр КСДП кол коюп коалициядан чыгып жатат. Балким оппозицияда калып калабыз. Шаардын өнүгүшу үчүн иштешибиз керек. Бул жакта мен саясий оюн болуп жатат деп ойлойм.

Айтбаевдин айтымында, ушул эле күнү шаардык кеңеш жаңы коалицияны түзүшү керек.

Каракол шаардык кеңеши беш партиядан түзүлгөн. Биринчи орунду 28,5% менен “Табылга” партиясы алган. Экинчи орунда КСДП партиясы 14% менен келди. Андан кийин "Кыргызстан" партиясы 10,2%, “Республика Ата-Журт” 9%, “Өнүгүү-Прогресс” 8,3% алган.(КЕ/AsM)

XS
SM
MD
LG