Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 12:21

Роухани: АКШ президентинин сапары жөн гана шоу


Хасан Роухани
Хасан Роухани

Иран президенти Хасан Роухани кайра шайлангандан кийинки биринчи маалымат жыйынында АКШ - Сауд Арабиясынын террорчулукка каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн келишимдерин сынга алды.

- Менимче АКШ президентинин Сауд Арабиясына сапары жөн гана шоу. Эч кандай иштиктүү жана саясий пайда алып келбейт. Жөн гана мындай жолугушууларды өткөрүп же супердержавага акча берүү менен терроризмге каршы күрөшүү таптакыр пайдасыз, - деди Роухани.

Дональд Трамптын сапары учурунда Сауд Арабиясы АКШдан 110 млрд долларга курал сатып алмай болгон. Бул аймакта күчөгөн терроризм, экстремизмге каршы күрөшүү үчүн деп сыпатталган. Эки өлкө андан тышкары да миллиарддаган долларлык келишимдерге кол коюшкан.

Ошол эле учурда Эр-Рияддагы саммитте Саудия королу да, АКШ президенти да Иранды Жакынкы Чыгыштагы терроризмге колдоо көрсөтүп атат деп айыпташкан.

Мындан тышкары Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп өзөктүк келишимди аткарбай жатканы үчүн Иранды сындаган эле. Роухани буга да жооп берип ракета сыноолорун уланта беришерин, ал үчүн америкалыктардын уруксатын күтпөсүн кошумчалады.

XS
SM
MD
LG