Кыргызстанга дүйнөлүк Америка футбол федерациясынын президенти Томи Викинг, вице-президент Шахин Көмүржү келди. Спорттун бул түрүн өнүктүрүү максатында Кыргызстанда биринчи жолу Кыргыз-америка футбол федерациясы түзүлдү. Бул тууралуу федерацияга жаңы президент болуп бекитилген Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Равшан Жээнбеков кабарлады. Анын айтымында, Кыргызстандагы федерацияны дүйнөлүк федерация кабыл алды.
Кыргызстанда америка футболу боюнча Bishkek Bowl эл аралык турнири өтүп жүрөт. (КЕ)