Бишкекте Кожомкул атындагы спорт ордосунда өткөн Улуттук курултайда бийликке жана Жогорку Кеңешке эки талап коюлду. Алардын башкысы - Элдик курултай институтун жогорку саясий-коомдук уюм катары Конституциянын 2-беренесинин 2-пунктуна киргизүү жана 52-беренеге өзгөртүү киргизүү жөнүндө мыйзам долбоорун жактыруу талабы.
Уюштуруучулардын бири Кадыр Кошалиевдин белгилешинче, ал мамлекеттик бийликти багытоочу жана көзөмөлдөөчү өзүн өзү башкарган көз карандысыз уюм катары кириши керек. Мындан сырткары жаңы паспортто "улуту" графасын калтыруу жана буга байланыштуу мурда кабыл алынган чечимди жокко чыгаруу. Талаптар 2017-жылдын 28-июнуна чейин аткарылышы керек. Курултайда кабыл алынган чечимдер көрсөтүлгөн мөөнөткө чейин аткарылбаса, Жогорку Кеңешти мөөнөтүнөн мурда таратуу демилгеси көтөрүлөрү, ар кандай акцияларды башташарын жана “Улуттук мекенчил күчтөрдүн биримдиги” өзүн бийликке оппозициялык күч катары расмий түрдө жарыялай турганы белгиленди.
"Кыргызстандагы Улуттук мекенчил күчтөр" бирикмесинин уюштуруу жыйыны 28-апрелде кабыл алган меморандумда Элдик курултай институтун башкы көзөмөл орган деп эсептеп, Жогорку Кеңеш, президент баштаган бийлик органдарына Конституциянын 52-беренесин ага ылайыктап өзгөртүү жараянын баштоо талабын койгон. Бүгүнкү жыйынга бийлик өкүлдөрү, Жогорку Кеңештин депутаттары келген жок.
Курултайга экс-президент Роза Отунбаева, Эсеп палатасынын мурдагы башчысы Элмира Ибраимова, Жогорку Соттун мурдагы төрагасы, экс-депутат Курманбек Осмонов, экс-спикер Медеткан Шеримкулов, Кыргыз Эл жазуучусу Мар Байжиев жана башкалар катышты.
Өткөн айда Бишкекте өздөрүн улуттук мекенчил күчтөр деп атаган топ жыйынга чогулуп, Туруктуу элдик кеңеш түзгөн. Анын курамына экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров, Убактылуу өкмөт мүчөсү Эмилбек Каптагаев баштаган саясатчылар кирген.
"Элдик курултай" жыйыны буга чейин 17-майда бардык облустарда өткөн.
Президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмү Курултайга чакыруу келген-келбегенин жана буга чейинки талаптар айтылган меморандум тууралуу тактай турганын "Азаттыкка" билдиришти. (КЕ)