Манчестердеги жардырууга байланыштуу аталган шаардын полициясы 23 жаштагы жигитти кармады. Азырынча анын тек-жайы тууралуу маалымат бериле элек.
Ал арада британ премьер-министри Тереза Мэй окуянын "катаал террордук чабуул" экени күмөн жаратпайт деп билдирди.
- Террорист колго жасалган жарылма затты кире бериштеги эшиктердин биринин жанында, атайын убактысын жана жерин тандап, максималдуу кан төгүү, өлтүрүү жана жарадар кылуу үчүн жардырганын азыр билебиз, - деди Мэй Лондондогу чукул жыйында.
Премьердин айтымында, өлгөндөр жана жарадарлар арасында жаштар көп.
22-майда Британиянын Манчестер шаарындагы "Манчестер Арена" концерт залынын кире беришиндеги жардыруудан өлгөндөр саны 22ге жетти. Жарадарлар 59.
Шаар полициясы жанкечти өзү да өлгөнүн бышыктоодо.
Бул тапта жардырууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу алып, чабуулду өз мүчөлөрүнүн бири ишке ашырганын маалымдоодо.
23-майда ушул эле шаардагы соода борборлорунун биринде жарылууга окшогон үн чыгып, эл эвакуацияланганын күбөлөргө, полицияга таянып Рейтер агенттиги жазды.
Мындан бир нече саат мурда Лондондун Виктория вокзалынан да күмөндүү баштык табылып, бекет, андан тышкары Букингем сарайына жакын көчөлөр жабылган.