Жалал-Абадда Кыргызстандагы татар-башкыр диаспорасынын сабантуй майрамы белгиленди.
Шаардын Токтогул эс алуу багында татар, өзбек жана башка улуттун элүүдөй өкүлүнүн катышуусунда сабантуй майрамы уюштурулду. Иш- чарада татар-башкыр элдеринин улуттук каада-салты, ыр-бийлери көрсөтүлүп, президенттин куттуктоосу окулду. Иш-чараны татар элинин маданий борбору уюштурган. Анын жүрүшүндө Татарстандан келген ырчылар да обон созду.
Сабантуй татарларда кыш бүткөндөн кийин июнь айында майрамдалат. Кыргызстанда бул майрам 1989-жылдан бери өткөрүлүп келет. (RsK)