Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:43

Ала-Бука районунун 80 жылдык мааракеси өтүүдө


Райондун Өрүктү айыл аймагындагы Орток-Бел участкасында райондун уюшулгандыгынын 80 жылдык мааракеси оюн-зоок менен коштолууда.

Аянтка 50 боз үй тигилип, район тарыхын чагылдырган театрлаштырылган оюн-зооктор тартууланды. Майрамдык иш-чарага вице-премьер-министр Жеңиш Раззаков жана жергиликтүү бийлик өкүлдөрү катышууда. Спорттук жана ат оюндары уюштурулуп, төрт жеңил автоунаа байгеге коюлган.

110 минден ашык калкы бар райондо Бозумчак кени сыяктуу ири алтын кендери иштейт. Район облус борборунан 220 чакырым алыстыкта жайгашкан. (RsK)

XS
SM
MD
LG