Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 09:46

Атамбаев Британиянын премьер-министрине көңүл айтты


Көңүл айтуу телеграммасында президент Алмазбек Атамбаев Манчестер шаарындагы жардыруудан набыт болгон адамдар үчүн терең кайгыруу менен көңүл айтуусун билдирген. "Кыргызстан тынч жарандардын бейпилдигин жана коопсуздугун бузуучу экстремизмдин жана терроризмдин бардык түрүн чечкиндүү түрдө айыптайт" деп айтылат мамлекет башчынын телеграммасында.

Президент Алмазбек Атамбаев Кыргызстан элинин жана өзүнүн атынан жардырууда набыт болгон адамдардын үй-бүлөсүнө, жакындарына жана жалпы британ элине терең кайгыруу менен көңүл айтып, жаракат алгандардын эртерээк айыгып кетишин каалоосун билдирген. (ZKo)

XS
SM
MD
LG