Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:19

Британияда террордук коркунуч жогорку деңгээлде деп жарыяланды


Британ премьер-министри Тереза Мэй өлкөдө террордук коркунуч жогорку деңгээлде экенин билдирди. Бул деген дагы күтүлбөгөн террордук чабуулдар болушу ыктымал дегенди билдирет.

Премьер-министрдин билдирүүсүнөн бир күн мурда Манчестер шаарында жанкечти теракт жасап, 22 кишини өлтүргөн. Тереза Мэй терактты жасаган Салман Абеди кеңири жайылган террордук тармактын мүчөсү болушу ыктымалдыгын 23-майда айткан. Премьер-министр Салман Абеди Британияда туулуп өскөнүн да кошумчалады.

Бийлик теракттан кийин Temperer деп аталган атайын операцияны ишке киргизди. Бул - чукул кырдаалдарда аракеттенүү планы. Ага ылайык, эл көп чогулган аймактарда полиция менен кошо аскерлер да нөөмөткө чыгат. Мурдараак полиция Манчестерде 23 жаштагы адам концерттеги жардыруу боюнча жүрүп жаткан тергөө алкагында кармалганын маалымдаган.

22-майда Манчестер шаарындагы 22 миң орундуу концерттик залда америкалык ырчы Ариана Гранденин концертинен соң жанкечти өзүн жардырып, андан 22 киши набыт болгон. 59 адам жаракат алган. Жардырууга жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өзүнө алды. АКШ бийликтери бул маалыматты тастыктай элек.

XS
SM
MD
LG