Жогорку Кеңештин депутаты, "Ата Мекен" фракциясынын убактылуу лидери Алмамбет Шыкмаматовдун соту ачык өтмөй болду.
Мындай чечим ушу тапта башталып жаткан сот отурумунда кабыл алынды. Сот журналисттердин катышып, аудио, видеого тартуусуна уруксат берди.
Иш Бишкектин Биринчи Май райондук сотунда каралууда. 15-майда башталган соттук жараян жактоочунун бош эместигинен улам бүгүнкүгө калган. Ишти судья Эрнис уулу Айбек кароодо.
Алмамбет Шыкмаматовго «2011-жылы Эсеп палатасынын аудитору болуп турганда аялына таандык автоунааны тендер аркылуу мекемеге сатып алууга аралашкан» деген айып тагылган. Депутатка Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча козголгон иш алкагында баш коргоо чарасынын "өлкөдөн чыкпоо" түрү каралган.
Алмамбет Шыкмаматов бул айыпты четке кагып, муну саясий куугунтук деп эсептейт. (EBM/RK)