Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 23:00

УКМК: Колго жасалган жардыргычтын муляжы жок кылынды


Бишкекте колго жасалган жардыргычтын муляжы жок кылынды. Бул тууралуу бүгүн Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат катчысы Рахат Сулайманов кабарлады.

Анын белгилешинче, "102" номуруна Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын жанында шектүү нерсе жатканы тууралуу телефондук билдирүү түшкөн. Милициянын жана атайын кызматтын өкүлдөрү окуя болгон жерди курчоого алган.

Ал жерде шектүү куту табылып, УКМКнын саперлору аны жок кылды:

- Кутунун ичинен колго жасалган жардыруучу заттын окшоштурулган көчүрмөсү, муляж табылып, ал жок кылынды, - деди Сулайманов.

Окуяны күч органдары териштире баштады.

Учурда бул окуя интернетте катуу талкууланып, айрымдар Улуттук филармониянын жанында жардыруу болду деген божомолун айтууда. (RK)

Колго жасалган жардыргычтын муляжы жок кылынды
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:59 0:00

XS
SM
MD
LG