Бишкекте учак кырсыгынан жабыркаган Дача СУ айылында жашаган балдар үчүн кайрымдуулук концерти уюштурулду. Бул тууралуу бүгүн шаар башкармалыгынын маалымат кызматынан кабарлашты.
Мэриянын маданият башкармалыгы Балдардын укугун коргоочулар лигасы менен бирге 1-июнь Балдарды коргоо күнүнө карата уюштурган концерт “Диалог” маданият үйүндө өттү.
Балдар алдында өз чыгармачылыгын "Алексис", "Айзи" ансамблдери тартуулап, куурчак, цирк шоулары өттү. Ар бир балага белек-бечкек тартууланды.
Быйыл 16-январда “Манас” аба майданынын жанында жайгашкан Дача СУ айылына жүк ташуучу учак кулап, 40ка жакын адамдын өмүрү кыйылган. (RK)