Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:11

Бахрейнде полициянын операциясы учурунда беш адам өлдү


Бахрейндеги шийиттердин диниятчысы Иса Хассим.
Бахрейндеги шийиттердин диниятчысы Иса Хассим.

Полиция Бахрейндин башкы шиит диниятчысын колдоп нааразылык акциясын өткөрүп жаткандардын жайына рейд жасап, алардын күч менен тараткан учурда кеминде беш адам өлүп, 268 киши камакка алынды.

Өлкөнүн Ички иштер министрлиги кармалгандардын арасында түрмөдөн качкандар, бычак, граната алып жүргөндөр бар болгонун билдирди.

Окуя борбор Манамага жакын Дираз деген жерде болду. Ал жерде демонстранттар калктын басымдуу бөлүгүн түзгөн шиит мусулмандардын руханий лидери Иса Хассимдин үйүнүн жанына чогулушкан.

Диниятчы Хассимди Бахрейн бийлиги диний араздашууну козутту деп айыптап, 21-майда бир жылга шарттуу кескен. Иран менен байланышы бар деген шек менен жарандыктан да ажыраткан.

Бахрейнде калктын көпчүлүгүн шииттер түзгөнү менен бийликте суниттер турат.

Адам укукгу коргоочу уюмдар полициянын тынч демонстранттарга күч колдонуусун айыпташты.

Ал эми Ирандын тышкы иштер министри Мохаммад Жавад Зариф окуяны АКШ президенти Дональд Трамптын “деспоттор менен ойноп, Бахрейн режимин шыктандыруусунун биринчи жыйынтыгы” деп баалады.

Трамп Саудияга сапары учурунда Бахрейндин падышасы Хамад бин Иса ал-Халифа менен кездешип, буга чейин “АКШ-Бахрейн мамилеси бир аз бузулганын, бирок азыркы администрациянын учурунда андайга жол берилбей турганын” белгилеген.

Бахрейн - Вашингтондун Перс булуңундагы чечүүчү өнөктөштөрүнүн бири. Ал жерде АКШнын Бешинчи флоту турат. Бирок мурдагы президент Барак Обаманын администрациясы расмий Манаманы адам укуктарын бузуулары утур-утур сындап келген. (UE)

XS
SM
MD
LG