АКШ президенти менен Папа Францисктин жолугушуусу Ватиканда өтүп жатат.
Мындан кийин Дональд Трамп Римде Италиянын президенти Сержио Маттарелла, премьер-министри Паоло Жентилони менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.
АКШ президенти Италияга Сауд Аравия, Израил, Палестин автономиясындагы иш сапарларынан кийин келди.
Кечээ ал Иордандын Батыш жээгинде Израил менен Палестинаны мунаса табууга чакырган. Эгер бул эки тарап макудашууга жетишсе, “бүткүл Жакынкы Чыгыш боюнча тынчтык жараяны баштала аларын” белгиледи.
АКШ президенти алгачкы чет элдик сапарынын алкагында 25-майда Брюсселде НАТОнун, 26-27-майда Сицилияда "Чоң жетинин" саммитине катышат. (UE)