Линктер

дүйшөмбү, 24-сентябрь, 2018 Бишкек убактысы 21:19

Бычакталган окуучунун өлүмүнө анын теңтушу шектелүүдө


Чүйдүн Аламүдүн районунда бычакталган окуучунун өлүмүнө шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн "Азаттык" радиосуна Чүй облустук милициясынын маалымат катчысы Асылбек Токтомушев билдирди. Анын белгилешинче, кармалган жаран маркум бала менен теңтуш, ал да Аламүдүн районунун тургуну:

- Ыкчам иш-аракеттер жүргүзүлгөн. Ошонун натыйжасында айрым күбөлөр маркум бала акыркы күндөрү өзү менен тең чамалаш бала менен чогуу жүргөн деген көрсөтмө беришкен. Ошол көрсөтмөлөрдүн негизинде шектүү катары кармалды. Бүгүнкү күндө Аламүдүн райондук ички иштер бөлүмүнө жеткирилди. Ал азыр сурак берүүдө. Тергөө иштери жүрүп жатат.

Окуя өткөн аптанын соңунда болгон. Лебединовка айылынын тургуну, 8-класста окуган бала 17 жеринен бычакталып, ооруканага жетпей көз жумган. (RK)

XS
SM
MD
LG