Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
12-Октябрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:46

Бишкекте КМШ коопсуздугу талкууланууда


Жыйындын катышуучуларын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды
Жыйындын катышуучуларын президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды

Бүгүн Бишкекте КМШ мамлекеттеринин коопсуздук жана атайын кызматтарынын башчыларынын жыйыны өтүүдө. Улуттук коопсуздук комитетинен кабарлашкандай,күн тартибиндеги негизги маселе – терроризм жана уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөш боюнча кызматташтыкты жакшыртуу.

Ошондой эле КМШ аймагы аркылуу өткөн мыйзамсыз миграциянын транзиттик каналдарына тиешеси бар адамдар, Сирия жана Ирак мамлекеттериндеги согушка катышуу үчүн кетип жана кайра кайтып жаткан жарандардын маршруту тууралуу маалымат алмашуунун сапатын жакшыртуу маселелери да талкууланат.

Быйыл июнь-июль айларында Орусияда өтө турган FIFA конфедерациялар кубогу маалында коопсуздукту камсыз кылуу тууралуу да сөз болот.

Жыйындын катышуучуларын бүгүн президент Алмазбек Атамбаев кабыл алды. Мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашкандай, ал КМШ аймагындагы коопсуздук жана туруктуулук көбүнчө атайын кызматтардын биргелешкен ишмердигинин сапатына байланыштуу болорун жана азыркы кездин чакырыктарына, коркунучтарына чогуу гана натыйжалуу каршы турууга мүмкүн экенин белгиледи. (RK)

XS
SM
MD
LG