Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:30

Чагылган тийип каза болгон окуучунун сөөгү жерге берилди


Аксыда чагылган тийип каза болгон 7-класстын окуучусунун сөөгү жерге берилди. Райондун Кашка-Суу айыл аймагына караштуу Кадыр Абдрахманов атындагы орто мектебинин окуучусу Нурдөөлөт Усупбеков жайлоодо мал карап жүргөн жеринен 18-майда чагылган тийип каза тапкан.

Баланын жакындары ал дайынсыз болуп жатканын айтып күч кызматкерлерине кайрылган. Сөөк Өлөң-Булак айылындагы жайлоодон төрт күндөн кийин табылган. Чагылган тийип эки жылкы жана бир ит өлгөнү кабарланууда. (RsK)

XS
SM
MD
LG