Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:05

Манчестер жардыруусуна шектүү дагы үч адам кармалды


Иликтөө ишине тартылган британ полицейлери. Манчестер, 24-май, 2017-жыл.
Иликтөө ишине тартылган британ полицейлери. Манчестер, 24-май, 2017-жыл.

Полиция үч шектүү адам шаардын түштүк бөлүгүнөн кармалганын маалымдап, иштин чоо-жайы тууралуу башка эч нерсе айткан жок.

Мунун алдында британ ички иштер министри Амбер Радд Манчестер жардыруусуна бир эмес, бир нече адамдын катышы бар болушу мүмкүн деп билдирген.

Кеминде 22 адамдын өмүрүн алган жардыруунун артынан кечээ полиция 23 жаштагы бир жигитти да камаган.

23-майга караган түнкү жардырууну теги боюнча ливиялык, бирок Британияда туулуп өскөн Салман Абеди жасаган деп шектелүүдө. Жанкечтинин өзү дагы мерт болгон.

Кандуу окуя миңдеген адам, көбүнчө жаштар чогулган концерттен кийин болду.

Премьер-министр Тереза Мэй Улуу Британия үчүн террор коркунучунун деңгээли эң жогорку чекке көтөрүлгөнүн жарыялады.

Жардыруу үчүн “Ислам мамлекети” экстремисттик тобу жоопкерчилик алды. Бирок АКШ расмий өкүлдөрү азырынча топтун бул ырастоосуна ишенүү эртелик кыларын билдирүүдө.

Британия учурда коопсуздук боюнча чукул планын ишке киргизип, маанилүү коомдук жайларда куралдуу полицияга кошумча аскерлерди да жайгаштырды. (UE)

XS
SM
MD
LG