Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Март, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:28

Жарандык коом: Шайлоого байкоо жүргүзүү укугубуз чектелүүдө


Кыргызстандагы жарандык коом өкүлдөрү парламентке кайрылып, коммерциялык эмес уюмдардын шайлоого байкоо жүргүзүү укугун чектөө аракети жүрүп жатат деген кооптонуусун билдирди.

20га жакын өкүлдөн турган “Жарандык активисттер түйүнүнүн” кайрылуусу бүгүн жарыяланды.

Анда коммерциялык эмес уюмдан байкоочу болуп жаткандардын укугу шайлоого катышкан талапкердин же саясий партиянын байкоочусунун укугу менен бирдей экени, бирок азыр парламентте сунушталып жаткан мыйзам долбоору аларды чектөөгө алып келиши ыктымал экени айтылат.

Кайрылуунун демилгечиси, "Бир дүйнө Кыргызстан" укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөйкан Исмаилова:

- Эң негизгиси, Конституцияны, саясий жана жарандык укуктарды чектеп жатат. Бул опурталдуу. Экинчиден, бул бийлик менен жарандардын ортосунда саясий конфликт чыгарышы мүмкүн.

Быйыл күзүндө Кыргызстанда президенттик шайлоо өтөт.

17-майда Жогорку Кеңеште “Шайлоолор жөнүндө” мыйзамдын 10-1-беренесин өзгөртүү сунушу талкууланып, мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынган. (RK)

XS
SM
MD
LG