Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Декабрь, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:22

Рим папасы АКШ президентин тынчтык орнотуучу болууга чакырды


Президент Трамп менен Папа Франциск
Президент Трамп менен Папа Франциск

Папа Франциск менен Дональд Трамптын жарым сааттык жолугушуусу Ватиканда өттү. Анын жүрүшүндө Рим католик чиркөөсүнүн башчысы АКШ президентин тынчтык орнотуучу болууга чакырып, Трамп өз кезегинде понтификтин үндөөсүн унутпай турганын айткан.

Рим папасы Трампка Ватикандын тынчтыктын символу болгон медалын тапшырды.

АКШ президенти Италияга Сауд Аравия, Израил, Палестин автономиясындагы иш сапарларынан кийин келди.

Кечээ ал Иордандын Батыш жээгинде Израил менен Палестинаны мунаса табууга чакырды.

Эгер эки тарап макудашууга жетишсе “бүткүл Жакынкы Чыгышта тынчтык жараяны башталарын” белгиледи.

Дональд Трамп Римде Италиянын президенти Сержио Маттарелла, премьер-министри Паоло Жентилони менен да сүйлөшүүлөрдү өткөрмөкчү.

АКШ президенти алгачкы чет элдик сапарынын алкагында 25-майда Брюсселде НАТОнун, 26-27-майда Сицилияда Чоң жетинин саммитине катышат. (UE)

XS
SM
MD
LG