Сузак районунда алты жаштагы баланын зордукталганы тууралуу маалымат иликтенип жатат. Бул тууралуу "Азаттык" радиосуна Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Кылмыш ишин козгоо маселеси соттук медициналык экспертизанын жыйынтыгына жараша чечилет.
Милиция тараткан билдирүүгө караганда окуя 17-майда болгон. Ошол эле күнү милициянын каттоо китебине жазылып, иликтене баштаган.
23-майда жергиликтүү телеканалга алты жаштагы баланын апасы интервью берип, жеткинчекке өспүрүм коңшусу сексуалдык зордук көрсөткөнүн айткан жана милиция окуяны иликтөөгө салкын мамиле кылып жатканына нааразы болгон. ИИМ муну четке кагып, окуя тыкыр иликтенүүгө алынганын, тактоо иштери бүтмөйүнчө чоо-жайы ачык айтылбай турганын белгиледи.
Шектүү жашы жете элек болгондуктан мындай жагдайда окуяга прокуратура баа берет. Учурда жабыркаган бала ооруканада дарыланып жатат.