Ага ылайык, эми Орусиянын 2018-жылдагы президенттик шайлоосу 18-мартта өтө турган болду. Бул Крымдын Орусияга “кошулуусун” караган келишимге кол коюлган күндүн кезектеги жылдыгы.
Украина жана Батыш өлкөлөрүнүн өкмөттөрү Москва жарым аралды Украинадан аннексиялап алды деп эсептейт. Мындан улам АКШ жана Евробиримдик Орусияга каршы экономикалык санкцияларды да киргизген.
Учурдагы мыйзам боюнча Орусиянын президенттик шайлоосу 2018-жылдын 11-мартында өтүшү керек эле.
Анын 18-мартка которулушун айрым байкоочулар Путиндин пайдасы үчүн шайлоочулардын көбүрөөк келишин камсыздоо аргасы катары карашууда.
Путин өзү шайлоого барар-барбасын азырынча расмий айта элек. Орусиядан буга чейин 2018-жылкы шайлоого катышарын оппозициячыл саясатчы, антикоррупциялык активист Алексей Навальный жарыялаган. (UE)