Дональд Трамптын Бельгия борборунда өлкөнүн жетекчилигинен тышкары Евробиримдиктин лиделери менен алгачкы сүйлөшүүлөрү мерчемделген. 25-майда Брюсселде НАТОнун саммити өтөт.
Трамп 26-27-майда Сицилияда Чоң жетинин саммитине катышат.
Бүгүн Ватиканда Папа Франциск менен Дональд Трамптын жарым сааттык жолугушуусу өттү.
Анын жүрүшүндө Рим католик чиркөөсүнүн башчысы АКШ президентин тынчтык орнотууга чакырды, Трамп өз кезегинде понтификтин үндөөсүн унутпай турганын айтты.
Папа Франциск Трампка Ватикандын тынчтыктын символу болгон медалын да тапшырды.
АКШ президенти алгачкы чет элдик сапарынын алкагында буга чейин Сауд Аравия, Израиль, Палестин автономиясында да болду.
Кечээ Иордандын Батыш жээгинде Израил менен Палестинаны мунаса табууга чакырды.
Эгер бул эки тарап макулдашууга жетишсе “жалпы Жакынкы Чыгышта тынчтык жараяны башталарын” белгиледи.