Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Март, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:07

Большой театрдын башчысы Путинге кайрылды


Путин жана Урин. Сүрөт 2013-жылы тартылган.
Путин жана Урин. Сүрөт 2013-жылы тартылган.

Москвадагы Большой театрдын директору Владимир Урин президент Владимир Путинге жолдогон катында күч түзүмдөрүнүн анын кесиптеши, таанымал театр режиссеруна жасаган мамилесин сынга алды.

Урин 24-майда Москвадан кабарчылар менен болгон маегинде укук коргоо органдарынын Кирилл Серебренниковго каршы аракеттерин “туура эмес” деп атады.

Орусиялык тергөөчүлөр 23-майда Серебренниковдун Москвадагы батирин жана ал көркөм жетекчилик кылган “Гоголь- борбору” театрында тинтүү жүргүзүшкөн эле. Маданий ишмер өзү күбө катары суракка алынган.

Тергөө комитети бул иш акча уурдоо менен байланыштуу экенин билдирүүдө.

Аталган окуяга байланыштуу Серебренниковду Орусиянын ондогон маданий ишмерлери да коргоп чыгышты. (UE)

XS
SM
MD
LG